Ыйман, адеп жана маданият жылын ийгиликтүү өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт

"Ыйман, адеп жана маданият" жылы деп жарыяланган 2017-жылды ийгиликтүү өткөрүү үчүн өкмөттө уюштуруу комитети түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын жетекчиси Акылбек Осмоналиев билдирди.

Маалыматка таянсак, өкмөттүн алдында уюштуруу комитетин түзүү, бир айдын ичинде Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу милдети турат. Өткөрүлчү иш-чараларда мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун кыргыз элинин адеп-ахлак баалуулуктарына болгон заманбап көз карашын калыптандырууга, ар бир баланын жөндөмдүүлүгүн жана талантын аныктоонун системин иштеп чыгууга жарандык тилектештик, жүрүм-турумдук жана укуктук маданият тууралуу мисалдарды кеңири жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан