Ошто мыйзамсыз деп табылган 70тей соода күркөсү алынды

Бүгүн, 10-январда Ош шаарында мыйзамсыз көчө соодасы боюнча жүргүзүлгөн рейддин алкагында 70тей соода күркөсү алынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Муниципалдык жеке менчик башкармалыгынын кызматкерлери, "Сулайман-Тоо" №3-аймактык кеңешинин өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери Курманжан датка көчөсүнө мыйзамсыз соода жайларын аныктоого чыгышкан. Жыйынтыгында 70тен ашуун күркө алынды. Ал эми калган соодагерлерге тротуарларга жарнама такталарын коюуга тыюу салынганы тууралуу билдирмелер берилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан ары рейддер башка көчөлөрдө да уланары белгилүү болду. Рейддердин максаты - шаарды тазалоо, тротуарларды мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталардан бошотуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Msto005571
2017-01-10 18:56:40
Бар экенсинер го
+1
kyzburak87
2017-01-11 08:34:18
Озбек туугандар ээлеген да жашаган жеринин четинен эле магазин ача коюшуп аренда патент деген нерсе тушторуно да кирбесе керек а биз болсо тентип журобуз кыргызым баардык олкодо бар го чиркин биз Якутияда иштейбиз суук 50 градуска чейин суук азыр а аренданы болсо беребиз очойтуп
0
kyzburak87
2017-01-11 08:38:56
Еще туугандар основной центрди ээлешкен жалан жакшы жерлерден оорун алышкан , кыргызым озу мейман дос келебиз да озуно жетпей жатса да бироого беребиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан