Кыргыз жериндеги кен казуучу ишканалардын ээлерине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин эскертет. Аталган инспекция акыркы учурда кен казуу жайларында адам өмүрү кыйылган же алардын ден соолугунан жабыркаган фактылар катталып жатканын белгилейт.
"Кен казуучу жайлардын жетекчилиги коопсуздук эрежелерин сакташпайт. Кесипкөй эмес, тажрыйбасы аз жарандарды жумушка алышат, коопсуздукту камсыздаган каражаттар талапка ылайык орнотулган эмес. Натыйжада кен жайларындагы жумушчулар түрдүү жаракаттарга учуроодо. Бул жаатта коопсуздукту камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилип келет", - деп жазылат маалыматта.
Коопсуздук талаптарын бузгандарга эскертүүдөн тышкары мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.