Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылында бир ит 2 торпокту, 2 эшекти, 60 жаштагы аялды жана 30 жаштагы эркек кишини тиштеди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына айылдын жашоочулары билдиришти.
Алардын айтымында, учурда жабыркагандар ооруканада дарыланып жатышат, ал эми эшектер менен торпокторго укол сайылды. "Жергиликтүү тургундар ал итти жана башка иттерди атып өлтүрүштү. Анткени ал ит кутурма оорусу менен ооруса, башкаларга жуктурушу мүмкүн. Жаш балдар көчөдө чана тээп ойношот. Иттердин айынан көчөгө чыга албай үйдө камалып отурушкан", - дешти жашоочулар.