Ош шаарында имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу курсу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имамдардын окуу курсуна Ош облусунун Ноокат, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунан 165 мечиттин имамдары катышууда.
"Окуу курсун уюштуруунун негизги максаты имамдардын диний билим сабатын көтөрүүгө багытталган. Окуу программасына диний илимдерден сырткары мамлекеттик диний мыйзамдар, иш кагаздары жана башка предметтер киргизилген. Билим деңгээлин жогорулатууга арналган окуунун мөөнөтү 6 күнгө созулат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, аталган окуу курсуна буга чейин Баткен облусунун жана Ош шаарынын имамдары катышкан. Билим деңгээлин жогорулатууга арналган окууга 140 имам тартылган.