SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер эмнеге үйдөн качышат?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Аялдан көз каранды, негизи. Аял жакшы болсо, күйөө үйгө шашат, жаман болсо, үйдөн качат".
"Аялдар дайыма эле бир мүнөздө жүрбөш керек. Кээде эрке, кээде оор басырыктуу, кээде айлакер, кээде жоош, эч нерсе билбеген киши болуп коюш керек. Эркектер кайталанма, окшош нерседен тез эле тажап кетишет. Жолдошуңар силер менен зерикпей турган болушу зарыл".
"1-себеп: Баарлашканга эч ким жок;
2-себеп: Үйдөгү иретсиздик;
3-себеп: Сырткы келбет келишпейт;
4-себеп: Кайталанма тамактар;
5-себеп: Ар ким жашообузду тескейт;
6-себеп: Тынчтык жок".
"Менин да жолдошум үйдөн, жадакалса менден качкандай сезиле берет. Мени менен чогуу болгондон көрө старшинасы менен нарда ойногон жакшы ал үчүн. Кучактап, өөп жармашсаң деле эптеп бир шылтоо таап, "качып турчу" дейт. Бирок айткан нерсеңдин баарын аткарат. Азыр 6 айлык боюмда бар, үйдөмүн кечке. Мага көбүрөөк көңүл буруусун каалайм, жакшы СМСтерди жазсам да жооп келбейт. Үйгө кетсем да "сагындым" деп айтып койбойт, "сүйөм" деген сөзүн акыркы жолу качан укканымды да эстей албайм. Түнү болсо ары карап жатып алат. Кучактап, эркелетсе болот го. Мына азыр да мен жабышып ала тургансып ары карап уктап калды".
"Баягы эле аялдарды күнөөлөмөй. Өзүңөр бир күнгө аялдын милдетин аткарып, үй жыйнап, идиш жууп, балдарга тамак берип, аларды уктатып, шым, жалаяктарын жууп, кайра курсактарын тойгузуп, кечинде "аялым жумуштан чарчап келет" деп тамак жасап, кечке жумуш кылып көргүлө, ким кимдин кулагын жейт, көрөсүңөр".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.