Албек Ибраимов Бишкекти 3 жылда толук жарыктандырууну убадалады

Бишкек мэриясы 10 миллион евро жумшап, борбор шаарды 3 жылда толугу менен жарыктандырууну пландап жатат. Бул тууралуу 10-январда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов шаардык кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары менен жолугушууда билдирди.

Ибраимов мэрлик кызматка талапкер катары өз программасын тааныштырды. Анын айтымында, 10 миллион евро шаардагы электр мамыларын, зымдарды жана шаардын чет-жакасын жарыктандырууга коротулат. "Шаардын аймагы кеңейип, учурда 169 чарчы чакырымды түзүүдө. Андыктан шаарда 50 миң көчө лампасы болушу керек. Шаардык бюджеттин эсебинен 24 миң лампаны жаңылоону пландап жатабыз. Калган 26 миңин насыянын эсебинен алабыз", - дейт Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ularik_kg
2017-01-14 15:04:07
Лапшаларды илип баштаптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан