Окумуштуулар: "Антарктидада Москвадан 2 эсе чоң айсберг бөлүнүүдө"

Антарктидадан көлөмү 5 миң чарчы чакырымга барабар айсберг бөлүнүшү мүмкүн. Окумуштуулар ал материктен бөлүнгөн муздун эң чоң кесеги болорун айтышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Айсберг Москва шаарынан 2 эсе чоң. Ал "Ларсен С" музуна кирет. Бул муз мурун 3 бөлүктөн турчу, анын жалпы көлөмү Ямайка аралындай болчу", - деп айтылат маалыматта.

Көпчүлүк окумуштуулардын ою боюнча, айсберг климаттын глобалдык деңгээлде жылышынан улам бөлүнүүдө. Ал тарыхта эң чоң айсберг болмокчу. Окумуштуулар анын сууга чөккөнү дүйнөлүк океандын деңгээлине таасир этпешин ишенимдүү айтышууда.

Маалыматка ылайык, Антарктида жыл сайын болжол менен 160 миллиард тонна музун жоготот. Мындан улам дүйнөлүк океандын деңгээли 0,43 миллиметрге жогорулайт. Айрым адистердин айтымында, жок болгон муздардын ордуна кайра ошол сыяктуу эле муз калыптанбайт. Ал эми башка окумуштуулар андай муздар калыптанса да, жүздөгөн жылдар кетерин айтышат.

Бүгүнкү күндө антарктикалык муздун көлөмү 26 миллион куб чакырымга барабар. Анын баары эрисе, океандын деңгээли 58 метрге жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
UlukmanKalyev
2017-01-10 18:22:20
Ушинтип эркий берсе дүйнөнү суу капташы мүмкүн. Түндүк муз океандын да ээрип жатканы чындык болушу мүмкүн. Дүйнөнү суу каптаса тоолуу Кыргызстанга баарыбир.
+4
Seiil.94
2017-01-10 19:01:41
UlukmanKalyev,Америка жеринди тартып алат озунду кул катынынды кун кылат
-14
UlukmanKalyev
2017-01-10 19:40:42
Seiil.94,сеничи
+14
brilliantka2016
2017-01-10 18:22:34
ээрисе да бизге коркунуч жок болсо керек
-6
Riokyrgyz
2017-01-10 20:26:47
brilliantka2016,ооба,Казакстан,Узбекстан,Тажикстан,Кытайга чейин каптап келет да,Кыргызстандын чек арасына келгенде токтоп калат.ахаха
+12
baiyshvip
2017-01-10 18:55:29
Учен-га меники дегендей ушулар куйгузду Кудайдан улуу суйлошуп эле!!!
+3
tyrgon
2017-01-10 19:04:35
кыргызстан дениз денгелинен 3мин метр бийиктикте болушу керек эле го
0
brilliantka2016
2017-01-10 19:47:34
биз бийикпиз да дениз денгээлинен.минус баскандарга 5кун БАН
+8
saltanat.
2017-01-11 06:44:17
Коркпогула, биз деңиз деңгээлинен эң бийик турганы бизбиз. Суу башка жерди каптаса да Кыргызстанды каптабайт. )))
+1
Riokyrgyz
2017-01-11 08:55:23
saltanat.,Жараткандын жазганынан эч ким качып кутула албайт.тууганым
+1
nur_zhoni
2017-01-11 07:41:29
Кудай сактасын суу каптагандан тообо кылалы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан