Мындан 97 жыл мурун, 1920-жылы 10-январда I Дүйнөлүк согушту жыйынтыктаган Версаль тынчтык келишими күчүнө кирген. Версаль келишиминин ратификацияланышы иш жүзүндө 29 өлкөнүн башын бириктирген Улуттар Лигасынын мыйзамдашуусуна жол ачкан.
Версаль тынчтык келишимине 1919-жылы 28-июнда Франциянын Версаль шаарында кол коюлган. Аталган тынчтык келишими согушта жеңген өлкөлөр (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония) менен жеңилген Германиянын ортосунда түзүлгөн.
Келишим күчүнө кирген соң Германия аймагынын сегизден бир бөлүгүнөн айрылган, 6 жарым миллион немис өлкө аймагынан тышкары калган. Мындан сырткары аталган мамлекет бардык колонияларынан айрылган. Германиянын армиясынын саны 100 миң жоокер жана 4 миң офицерден ашпоосу талап кылынган. Генералдык штаб, жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүк жоюлган, Аскер-деңиз флоту 35 гана кеме менен чектелген, суу астында жүрүүчү кемелерди, танктарды, оор артиллерияны жана авиацияны курууга тыюу салынган. Германиянын 1939-жылы Польшага 1-сентябрда кол салышы менен Версаль тынчтык келишими күчүн толук жоготкон.
10-январга карата жылнаама.