ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: 91 жыл мурун кыргыз басма сөзүнө эмгеги сиңген акын Мукамбеткалый Турсуналиев төрөлгөн

Мындан 91 жыл мурун, 1926-жылдын 11-январында кыргыз басма сөзүнө эмгеги сиңген таланттуу акын Мукамбеткалый Турсуналиев Чүй районундагы "Алчалуу" колхозунда туулган. Ал 1944-1950-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган.

Мукамбеткалый Турсуналиев 1954-1957-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы болуп эмгектенсе, 1957-1986-жылдар аралыгында "Чалкан" журналында алгач кызматкер, кийин бөлүм башчы, андан соң жооптуу катчы болуп иштеген. Ал эми 1986-1987-жылдары "Чүй баяны" гезитинде бөлүм башчы кызматын аркалаган.
М.Турсуналиевдин ырлары 1950-жылдан тарта жарык көрө баштаган. Ал көбүнчө сатира, юмор жанрында иштеп, чыгармалары "Крокодил", "Огонёк" жана башка журналдардын беттеринен жарык көргөн. Орус сатирачылары Иван Крыловдун, Самуил Маршактын, Сергей Михалковдун, Юлиан Семёновдун айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1962-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. М.Турсуналиев "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн", "Советтик Армиянын 50 жылдыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун грамоталары менен сыйланган. Акын 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.

11-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан