Ташкент шаарында президент Шавкат Мирзийоевге жаңы резиденция жана кеңсе курула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңыдан ишке киришкен президент иштей турган имарат Ташкенттин так ортосунда жайгашкан. Курулуштун жүрүшү 5-январда башталган. Маалым болгондой, Мирзийоев Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун иш бөлмөсүндө жумуш баштаган жок. Ал парламент жайгашкан имараттын экинчи кабатында отуруп өлкөнү башкарууда.
Өлкө башчы Мирзийоев Каримов жашаган резиденцияны да колдонбойт. Ал үчүн өзүнчө имарат курулууда. Ал эми маркум Каримовдун иш бөлмөсү анын музейине айланмакчы.