Сүлүктүдөгү көмүр шахтасындагы урандын алдында калган жарандын сөөгү табылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында кечээ, 10-январда "Раимберди" жоопкерчилиги чектелген коомунун шахтасында көмүр урандыларынын астында калып каза болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

"Көмүр урандылары көчүп, көмүр казып жаткан 1968-жылы туулган Сүлүктү шаарынын Шахтёр көчөсүнүн тургунун басып калган. Окуя болгон жерде ӨКМнын мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп, саат 16:30да каза болгон адамдын сөөгүн шахтадан чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар анын сөөгүн медициналык "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан