Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 800 тоннадан ашуун капуста сатылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жаңы-Пахта айылынын жашоочусу, дыйкан Жамалиддин Хакназаров билдирди.
"Жаңы-Пахта айыл аймагында калктын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенет. Айылда 300 гектарга жакын жерге капуста эгилген. Учурда капустанын дүң баасы килограммына 3-4 сом болууда. Бул сумма дыйкандардын чыгымдарын актабай жатат. Быйыл кошуна өлкөдөн сатып алуучулар келбей калышты. Күн өткөн сайын түшүм чирип, дыйкандар үчүн капустадан кол жууп калуу коркунучу жаралууда", - деп билдирди дыйкан Хакназаров.
Маалыматка ылайык, аталган айыл аймакта дыйкандар капустанын 3 түрүн өстүрүшкөн. Буга чейин ишкерлер Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө дүң баада сатып келишкен. Ал эми өндүрүлгөн жашылчанын аз бөлүгү борбор калаадагы базарларга сатылып, андан ары өлкө аймагына тарап келген. Өткөн жылы капустанын дүң баасы 10-11 сомго бааланган.
"Бүгүнкү күндө ар бир дыйкандын колунда 20 тоннадан ашык капуста сакталып турат. Көп эккендер 50 тоннага чейин жыйып коюшкан. Мындан ары капуста сапатын жоготуп, чирий баштайт. Анын табигый чыдамы февраль айына чейин. Андан соң массалык түрдө чирип баштайт. Алдын алуу үчүн мүмкүнчүлүгү барлары муздаткычтарга киргизип, сактап турушат", - дейт дыйкан Саламат Бектенов.
Ал эми дыйкандардын түшүмүнүн сатылбай жатканын өзүн Абдырасул Хамидов деп тааныштырган дыйкан Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндөгү сатып алуучулардан суроо-талап болбой жатканы менен түшүндүрдү. Дыйкандарга өндүргөн товарларын чек арадан алып өтүүдө эч кандай тоскоолдук жок экенин айтты.
"Капустанын сатылбай жатканына өлкө башында турган тиешелүү кызматтагы жетекчилерди күнөөлөгөнгө болбойт. Мен буга чейин 100 тонна капуста өндүрүп, бирок сата албай калгам. Жыйылган жеринде чирип жок болуп кеткен. Быйыл да ошондой коркунуч бар. Эгер капусталар чирип кетсе, дыйкандар 200 миң сомго чейин зыян тартышат. Мындай чыгым кийинки жылда дыйканчылык кылууга терс таасирин тийгизет", - деп билдирди айыл тургуну Хамидов.
Ишкерлер өлкө аймагында капустаны, башка жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү фабрикалар болгондо дыйкандар мындай түйшүк тартпайт болчу деген ойлорун айтышты. Эгерде өндүргөн товарларды сатуу мүмкүнчүлүгү кеңири болсо, жалгыз гана капуста экпей, калемпир, сабиз, картошка, пияз, сарымсак сыяктуу жашылча-жемиштерди гектарлап айдап, өндүрмөк элек дешет чарбакерлер.
Абдырасул Хамидовдун маалыматына ылайык, учурда Жаңы-Пахта айыл аймагында суунун боюнда жайгашкан 1 гектар сугат жер 50 миң сомго чейин ижарага берилүүдө. Ал эми сугат сууга алыс, сугаруу татаал болгон аймактарда ижара акысы 15-18 миң сомго чейин бааланат.