Баткен облусундагы Кадамжай районунун Марказ айылында "Тез жардам" бөлүмү 24 саат иштебей жатат. Мындай нааразычылыгын SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
"Бул бөлүмдүн кызматкерлери эч ордунда болушпайт. Наристе менен укол сайдырганы барсак, эшиктери жабык, эки саат күттүк. Жазып койгон номерине чалсак, телефону өчүк. Наристеге кайра эле суук өттү. Дарыгерлер эмне үчүн айлык акы алышат? "Тез жардам" бөлүмү 24 саат иштеш керек", - дешет нааразы болгон окурмандар.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.