ЭЛДИК КАБАР: Аксыдагы Сыны айылында салынган спортзал толук ишке кире электе чатыры кулап, суу агып, полдору түшүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Сыны айылындагы спортзалдын чатыры кулады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка спортзалды куруу иштери 2015-жылы башталып, 2016-жылы бүткөн. Спортзал толук ишке кире электе чатыры кулап, суу агып, полдору түшүп, талапка жооп бербейт. "Жергиликтүү калк нааразычылыгын билдирип жатат. Мамлекет тарабынан которулган акчаны ортодогу ортомчулар жеп, арзан материалдар менен куруп, калган акчаларын өз капчыгына кымырганы ачык көрүнүп турат", - деп нааразы окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2017-01-12 15:17:08
Эски жыгачтар го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан