Бүгүн, 20-январда Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Кош-Тегирмен айыл өкмөтү Кыргыз жарандарын каттоодон өткөрүп, аскерге бара элек тургундарга таандык жерлерди тартып алабыз деп айтууда. Аталган райондун тургундарынын 50 пайыздан ашыгы Кыргыз жарандыгын алган жаштар. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кыргыз жарандыгын алган жаштар көбөйүп кеткенин, Тажикстанга кызмат кылбаса да, Тажикстандын жеринде жашап жатканын айтышууда. Ошондой эле Кыргыз мамлекетине барып аскердик кызмат өтөө керектигин айтып, аскерге бара элек Кыргыз жарандарынын жерлерин тартып аларын билдиришти. Акыркы учурда Тажикстандын бийлиги тарабынан кыргыздарга кысым көбөйүп жатат деп жалпы жергиликтүү калк нааразы болууда. Мен кийин Кыргыз мамлекетине барып, мекениме кызмат кылып, ошол жерде жашагым келет. Ошондуктан Кыргыз жарандыгын алгам", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.