Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 20-январда Кыргыз өлкөсү мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунга ээ болгон. Мындай маалыматты Globe Spots интернет-порталы жазып чыккан. Серепчилердин ою боюнча, өлкөнүн жогорку тепкичке көтөрүлүшүнө анын 44 мамлекетте визасыз тартипти орноткондугу себеп болгон.
Маалыматтарга ылайык, 2013-жылы Кыргыз мамлекетине 3 миллион 89 миң турист келген. Өзгөчө Ысык-Көл, Ала-Арча капчыгайында эс алгандардын саны арбын болгон. Globe Spots интернет-порталынын рейтингинде 1-орунда Португалия, 2-орунда Мозамбик, 3-орунда Кыргыз Республикасы турса, андан кийинки орундарды Панама, Армения, Куба, Украина, Малави, Канада ээлеген. Ал эми Түркия алдынкы 10 мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингине кирбей калган.
20-январга карата жылнаама.