Боинг кырсыгы: Атайын эсепке 19 миллион сомдон ашуун каражат которулду

Боинг 747 учагынын кыйрашынан жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 19 миллион сомдон ашуун каражат которулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

"Бүгүн, 20-январда саат 17:00гө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 19 миллион 129 872 сом 85 тыйын которулду", - деп айтылат маалыматта.

Учак кырсыгынан жабыркаган жарандарга жана жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында ачылган эсеп:

Эсептик номер: 4407012100007868

Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)

БИК: 440001

Төлөм коду: 14238900

ОКПО: 22710535

ИНН: 00103200110150

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
azamat.k
2017-01-20 18:51:11
Бугун жума кунку намазда да кайтыш болгодорго багыштап куран окудук.Жана да жалпы жумага келген адамдар чын дилибиз менен акчадай да жардам кылдык.Жогорудакы банктык эсепке дагы да кобуроок сумма кошулду деп ойлойум.Эми чогултулган жардамдар кырсыктан жапа чеккендерге берилсин бир тыйыны коробой.
+8
Adil706070
2017-01-20 19:10:34
бийлик эми конуп албаса эле болду элден жардам кутуп.кандай иш болбосун марафон откоролу,кайрымдуулук акция откоро коелу дешип.бийлик да карапайым эл учун иштеши керек,элдин ишеничин актап
+11
Kanzada97
2017-01-20 19:29:31
Арасында башка улуттун адамдары да бар болсо керек акчалай жардам бергендери рахмат ошолорго да Аллах ыраазы болсун.
+8
karashire
2017-01-20 19:36:14
Жеп жутарлар жеп койбосо болду
+12
realbek89
2017-01-20 20:05:14
Мамлекет жардам бербей эле карапайым калк өзү эле акча топтоп койду
+8
barakcha
2017-01-20 21:39:06
Чет мамлекеттен дагы которулуп жатса керек.Негизи эле элден айланса болот!
+1
Nurbek_aika
2017-01-20 21:41:30
Аллахым ыраазы болсун баарысына,кыяматта кайтарсын.Эми чогулган акчаны,эч кимиси долям,салык дебей жабыр тарткандарга болуштуруп берсе экен.Ким тийсе аллах жазаласын..
0
tatynam_88
2017-01-20 22:07:32
Ошондо А Ш Адан дайын жокпу дагыле
+1
Nurdaulet
2017-01-20 22:25:14
Россиядан кантип которсо болот экен админ билип бергилечи сураныч
+2
kilim
2017-01-20 22:34:35
Бугун жумадан акча чогултулду колдон келген жардамдарды аяган жок
+2
aszyma
2017-01-21 00:44:10
Жыйылган акчалар бардык жапа чеккендерге бирдей болуп беруусун ниет кылып калам. Ортодо шумпайлар жеп койбосо экен.
+5
Bubu88
2017-01-21 05:25:16
Элимден айланып кетейин. Ушунчалык айкол, берешен элбиз. Кыргыз болуп жаралып калганыма жаратканыма мин мертебе ыраазымын жана сыймыктанам. Бири бирибизге өйдөдө обок ылдыйда жолокбуз, ким ооруп калса кошо ооруп суйунсо барбаландап кошо сүйүнүп мынча кереметсин кыргызым. Ушул ынтымагыбыз кылымга улансын. Албетте арабызда журт бузарлар да жок эмес. Аларга да ыйман берсин. Арыбагыла Манас атамын урпактары
+4
Adiko.saitov
2017-01-21 12:06:25
Берекесин берсин колдо корсоткондорго акчасына
+1
atakyzy
2017-01-21 15:28:42
Мен банктар биринде иштейм элибиздин которуп жаткан акчасын коруп ушунчалык берешен адамдар бар экенине кубандым чет мамлекеттен да башка улуттарды да которгон акчасын угуп ылаайым ушундай адамдар коп болсун деп тилеймин
+1
atakyzy
2017-01-21 15:29:28
Акчаныздарга берекеее
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан