МАК: Катуу жабыркаганына карабай "кара кутудагы" маалыматтар окулду

Катуу жабыркаганына карабай "кара кутудагы" маалыматтар окулду. Бул тууралуу Мамлекеттер аралык авиация комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, "кара кутудагы" үндү жаздыруучу жабдыктагы маалыматтарды калыбына келтирүү иштери аяктап, ичиндегилер окулган. Алдын ала анализдер боюнча, кырсык тууралуу маалыматтар да бар, бирок анда эмнелер тууралуу сөз болгону айтыла элек. "Кара кутуну" окууга Түркия, АКШ жана Кыргыз Республикасынан барган адистер да катышкан.

Буга чейин "кара куту" катуу жабыркап калгандыктан ичиндеги маалыматтар окулбай калышы мүмкүн экени айтылган.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 34 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
nur_zhoni
2017-01-21 12:43:38
Буйурса угубыз эмне себеп болгонун
Ичиндеги нерселер кимдики болушу мумкун ким кытай бизнес кылтат ошолор кызык болтат. Дагы жакында эле бироо кытайга барды беле биздин мамилекетен
+13
aibars
2017-01-21 12:44:23
Эмне эле бир жерлерде 38 анан 34 деп жазасынар, берсенер бир беткей маалымат бербейсинерби!!!?
-5
moskyrsat
2017-01-21 13:34:39
Бул жерде дагы башка бир саясат ойноп ататда болбосо даро эле чыгарат эле Орустар деле 2 3 кундо эле схемасы менен чыгарып койдуго суйлошкон создору менен биздикилер эмне эле болуп атат тушунбойсун биринен отуп бири чаарбаш
+7
Alixan-Nookat.2015
2017-01-21 13:36:07
Соодалашуу болуп жатышы мүмкүн
+7
bond0202
2017-01-21 13:41:24
самалет жарылып кеткенде да кара куту жабыркабаш керек
+11
tyrgon
2017-01-21 14:02:52
черный ящик бронированный атайы жарышса куласа атайы ичинде маалымат (информация о разговорах о летней информации ) калат ошол учун ойлонуп табылган
+8
nura.177
2017-01-21 14:44:16
Эми ушулардын ачык айтышына кумонум барда ,угушуптур ошол жерден ,эми элге айтыштын варианттары каралып жатса керек , болду эми саясатташып кетти ачыгы чыгышы кумонго
+7
Parish
2017-01-21 15:36:55
Эгер окулган болсо табышмактатпай чыгарышпайбы.
+4
azamat.k
2017-01-21 17:46:21
Аны кара ящике салбай эле жакшы брондолгон сейфке салып журсо болбойт беле.Эми баары талкаланып жок болду да ящикте салынуу болсо.Канчалаган бетонго урулуп жабыркады да.Эми чындыгын айтбай калышты го.
-4
33SUUN
2017-01-22 03:09:20
azamat.k,кулкуну келтиресинго.
+4
Salman.eldar
2017-01-21 22:00:14
Не могу уже! Итнернет ачсам да, телевизор койсом да, кырсык тууралу айтылат. Журогум ооруп, эзилип жт. Кайран кана кыргызым!
+3
BarsBaatyr
2017-01-21 22:24:25
Эми аудио жазуусун чыгаргыла.Баары кабардар болушсун.
+3
orxidey
2017-01-21 22:46:36
Тобаа кара ящик отто жабыркаган создору окулбай калышы мумкун деп ал деген ошондой катуу жардуруудан калыш учун жасалатго бул жерде бир чоооон сыр бардайго.
+4
Ananai
2017-01-22 00:37:30
Ылайым ушул иш аягына чейин чыгып, акыйкат чечим чыгарылса деп тиленем....
0
nurkojo
2017-01-22 11:27:01
Умутубузуд узсок болот... Куту жоголуп кетпесин анан турган жеринен биздин конституцияга окшоп....
-2
aseras
2017-01-22 13:40:18
Кара кутуну тапкандан кийин дагы бир эки жерге чаап туруп эск.га жонотушкондур.Сынбаганды да сындырып))
+4
Ananai
2017-01-23 14:07:02
aseras,Ошону айтсаныз)))))



0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан