ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: 23 жыл мурун Кыргыз жеринде жашаган улуттардын биринчи курултайы өткөн

Мындан 23 жыл мурун, 1994-жылы 21-январда Кыргыз жеринде жашаган улуттарды бириктирүү максатында уюштурулган 3 күндүк Кыргыз өлкөсүнүн элдеринин I Курултайы башталган. Анда "Кыргыз мамлекети - жалпыбыздын үйүбүз" урааны кабыл алынып, Кыргыз өлкөсүнүн элдеринин ассамблеясы түзүлгөн.

Курултай демилгесин өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери көтөрүшүп, алар мындай сунуш менен 1993-жылдын декабрь айынын башында ошол кездеги президент Аскар Акаевге кайрылышкан. Курултайга Кыргыз мамлекетинде жашаган калктардын өкүлдөрү, саясий партия жетекчилери, коомдук ишмерлер чакырылып, президент Аскар Акаев дагы катышкан. Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетин курууга мында жашаган калк өкүлдөрү катышкандыгын белгилеп, Кыргыз өлкөсү жалпыга таандык деген идеологияны жыйын талкуусуна койгон. Мындан тышкары Кыргыз Республикасы үчүн кош жарандуулук керек экендигин жана ал норманын Конституция аркылуу бекемделиш зарылчылыгын көтөргөн.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан