Ноокен районунда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында 5 мектептин окуучуларынын арасында алыш күрөшү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мекеним менин" долбоорунун алкагында Момбеков айыл аймагында жайгашкан орто мектептин окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге, баңгичиликке, суицидге каршы күрөшүү, достукту бекемдөө жана жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка чакыруу максатында спорттун алыш күрөшү боюнча мелдеш уюштурулду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, спорттук мелдешке 150дөй өспүрүм катышкан. Иш-чарага жергиликтүү спорт ышкыбоздору, ата-энелер, машыктыруучулар, жергиликтүү бийлик органдары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан