Учак кырсыгы болгон жерди тазалоо иштери уланууда

Учак кырсыгы болгон жерди тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 75 куткаруучу, 15 атайын техника иштеп жатат. Ошондой эле Улуттук гвардиядан 50 адам, Ички иштер министрлигинен 70 адам, "Манас" аэропортунан 7 адам тартылган. Учурда урандылар тазаланып, учак калдыктары аэропортко жеткирилүүдө. Тазалоо иштери кечээ, 21-январда башталган.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 34 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
edik-kg
2017-01-22 15:13:02
Жаны суроттордон жуктосонор супер
0
Kakaly
2017-01-22 15:33:26
Жакшылап тазалап койгула эми
0
МАЛЫШ
2017-01-22 16:06:22
Туугандар 4-экипаждын мучосу каяка кетти? 3 адамдын соогун мекенине жиберилди мен билгенден. Ай ушу чон сыр жатат бул жерде. Экипаждын 1 мучосу тируу болчу дешет го куболор. Андан кийин каза болуп калды имиш
+10
Gulim_zamujem
2017-01-22 17:43:16
Мусорду мен тазалайм мен тазалайм деп талашып тазалап жатышса керек арасынан чыгып калса ала калайын деп мусор жегичтер?!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан