Авиакырсыктан үй-бүлөсү толук каза болгон Сагынбек Рахманов ооруканадан көз жумду

Авиакырсыктан үй-бүлөсүн толук жоготуп, өзү денесинен күйүк алып ооруканага жаткырылган жаран каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Муну менен кырсыктан каза тапкан тургундардын саны 35ке өсүп, 4 экипаж мүчөсүн кошкондо маркумдардын жалпы саны 39га жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бейтап Сагынбек Рахманов бүгүн түшкө маал көз жумду.

16-январда катталган авиакырсыктан С.Рахмановдун жубайы 1993-жылы туулган Венера Дүйшеева, 5 жаштагы уулу Али Камилов жана дагы бир 3 жашар уулу Иса Камилов каза болгон. Маркум Венера Дүйшеева 7 айлык кош бойлуу болчу. Жүрөгү согуп, жетилип калган төрөлө элек ымыркай кыз бала болгон. Ага туугандары Аяна деген ысым ыйгарып, өзүнчө жай казып, үй-бүлөсү менен чогуу жерге беришкени маалым болду.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 34 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
ice87
2017-01-22 18:07:44
Аллахым уй булосу менен бейишти насип этсин!
+4
ainura220888
2017-01-22 18:57:28
Иий байкуш уй булоосунун жанына кетиптирда. Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
+3
azamat.k
2017-01-22 19:12:41
Иий жаман болгон турбайбы,эии аркы дуйнодо уй булоосу менен чогуу бейиште болсун.Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
+3
Babi.
2017-01-22 20:52:32
Жаткан жери жайлуу болсун(((
0
azimova90
2017-01-22 21:00:43
Жаткан жерлери жайлуу болсун элибиз жерибиз тынч болсл экен.
+2
yakutiya-Mirnyi
2017-01-22 21:04:32
Ушул авиакырсыктан каза болгондорго,эстелик тургузуп же мемориалдык комплекс турзууну сунуштайт элем.байкуш уй булоосу менен каза тапкандар канча.
+1
BarsBaatyr
2017-01-22 22:01:35
Ай Кудайым ай...эменесинен жазды эле булар
0
AkyL
2017-01-22 22:57:11
Жаткан жери жайлуу , топурагы торко болсун , ыйманы саламат болсун (((((
Жакындарына , тууган -туушкандарына кайраттуу болгула демекчимин , жашоо озу ушундай экен , баарыбыздын бара турган жерибиз ошол экен , бироонун артынан канчалык жакшы коруп , узулуп тушуп , жашоонду элестете албасан да кете албайт экенсин (((( Кудайым ырайымдуу болуп жананттан орун бере корсун ((((
+1
Medinaa
2017-01-22 23:53:07
Жайы жаннатта болсун.
-1
iliya
2017-01-23 00:35:46
Жайы жанната болсун кудайым рахмат кылсын.
0
iliya
2017-01-23 00:38:30
Жанакы Санжарбек Осмоновтордун уй булосу тууралуу да кабар берип койсонуздар кабыргабыз кайышып турган маал кыргыз элимде баардык тууган уругуна Аллахым сабыр берсин ылайым
+3
Umka636589
2017-01-23 01:19:57
Аттин медиктер сактап калса болмок жакшылап даарылашып,Албетте кудайдын алдында биз кучсузбуз,жаткан жери жайлуу болсун
-1
asanaliev.s
2017-01-23 11:31:42
Кандай гана окунучтуу. Аллах бейиштен орун берген болсун.
0
Aikan1966
2017-01-23 13:23:03
Аллаххым бейиштен орун бере кор,жаткан жерлери жаннаттан болсун,туугандарына сабырдуулук тилеп кетебиз,кыргыз элим аман болсун,болуп жарган кыздардын саны аз болсун.
+1
Drongo
2017-01-23 17:39:32
Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан