Өкмөткө 2016-жылы жарандардан 6989 кайрылуу түшкөн. Өкмөттөн бүгүн, 24-январда маалымдагандай, алардын 5272си жазуу түрүндө түшсө, 1717 оозеки кайрылуу болгон. Өкмөт жетекчилиги жыл ичинде 459 адамды кабыл алган. Кайрылуулардын көбү Бишкек шаарынан, эң азы Талас облусунан келген. Мындан тышкары Жогорку Кеңештен 896, президенттик аппараттан 232 кайрылуу болгону айтылды. Жарандардан көбүнчө турак жай маселеси боюнча кайрылуулар түшкөн.
Турак жай маселеси боюнча - 470;
Социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөк пул боюнча - 443;
Ишке орноштуруу, иш боюнча талаш-тартыштар, маяна боюнча - 354;
Жеке кабыл алуу боюнча - 342;
Билим берүү боюнча - 306;
Ички иштер органдарынын иши боюнча - 225;
Саламаттыкты сактоо боюнча 215 кайрылуу түшкөн.