Биз социалдык тармакта

Марселде бардык демонстрацияларга тыюу салынды

Франциянын Марсель шаарында жана Буш-дю-Рон департаментинде 24-октябрь, ишемби күнү бардык демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу BFMTV телеканалы департаменттин префекти Жак Витковскинин билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Маалыматка ылайык, тыюу расмий түрдө катталган жана катталбаган бардык акцияларга тиешелүү. Бийлик мындай чечимди коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана ички коопсуздук күчтөрүнүн жетиштүү санын камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Мындан тышкары, Марсель шаарында жана айрым башка шаарларда коменданттык сааттын шарттары өзгөртүлдү. Ишембиден тартып ал саат 23:00дөн таңкы 05:00гө чейин бардык жарандарга карата колдонулат. Буга чейин коменданттык саат жашы жете электерге гана тиешелүү болгон. Бул тартип дүйшөмбү күнү эртең мененки убакка чейин күчүндө болот.

Ошондой эле Марселдеги коомдук транспорттун иши ишемби күнү саат 05:00дөн жекшемби күнү саат 05:00гө чейин толугу менен токтотулат.

Франциядагы нааразычылык акциялары сентябрдын ортосунда башталган. Алгач Париждин чет жакаларында мектептердин абалын жакшыртууну талап кылган жогорку класстын окуучулары көчөгө чыгышкан. Кийинчерээк аларга өлкөдөгү баалардын өсүшүнө нааразы болгон жарандар кошулуп, акциялар башка аймактарга да жайылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 17-октябрда өткөн жалпы улуттук демонстрацияга 550 миңдей адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан