Бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Улукбек Узакбаев Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектептин эмгек жамааты менен жолугушуп, окуу китептеринин жетишсиздиги жана мектептин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгы тууралуу маалымат алышты. Депутаттар мектепке Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан алынган интерактивдүү панель тапшырды.
Ошондой эле алар айылда салынып жаткан 100 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.
1-Май айылында Сатынбай Карабеков атындагы орто мектептин 2024-жылы башталган спорт залын куруу маселеси каралды. Каржылоодогу көйгөйлөрдөн улам курулуш толук аяктай элек. Депутаттар тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен байланышып, каражат бөлүү жана спорт залды пайдаланууга берүү маселесин тездетүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, эл өкүлдөрү Суусамыр айылындагы 2019-жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан маданият үйүнүн абалы менен таанышып, жаңы курулган жолдорду жана тротуарларды көрүп чыгышты.
Тунук айылындагы Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектепте өткөн жолугушууда спорт залдын курулушун бүтүрүү жана кошумча окуу корпусун куруу маселеси көтөрүлдү. Мектепте орун тартыштыгынан улам окуучулар эки нөөмөт менен билим алышат. Бул, айрыкча, мектепке 4–5 чакырым алыстан келген балдар үчүн кыйынчылык жаратууда.
Депутаттар көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирип, аталган мектепке да интерактивдүү панель тапшырды.