Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары Кытайдын "Лонг Хай" курулуш компаниясын сотко беришет

Балыкчы-Корумду жолунда иштеп, айлык акысын ала албай жаткан куруучулардын маселелери чечилбей келет. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты Таалай Туйгунов билдирди.

"Жергиликтүү элдин атынан өкүлдөр келип, эки жолу маалымат жыйын өткөрүп, көйгөйлүү маселелерибизди көтөрүп чыктык. Андан бери 15 күндөй убакыт өттү. Мамлекеттик жетекчилерден эч кандай аракет болгон жок. Жок дегенде айылдын эли менен жолугушуу өткөрүп, жол качан бүткөрүлөрүн, жумушчуларга айлык акылары качан берилерин айтышкан жок. Буга чейин Кытайдын "Лонг Хай" курулуш компаниясы 1-февралда маселе чечилет деген болчу. Бирок бүгүн да элдин талабы аткарылбай калды", - деди Таалай Туйгунов.

Эскерте кетсек, Балыкчы-Корумду жолунда иштеген 500дөн ашуун жумушчулар 3 айдан бери айлык ала албай келишкенин айтышкан. Айылдык кеңештин деупутаты Таалай Туйгуновдун айтымында, куруучулар Кытайдын "Лонг Хай" жол куруу компаниясын сотко беришет.

Эске салсак, буга чейин Чоң-Сары-Ой айылынын жашоочулары жолдун толук бүтпөй жатканынан улам нааразычылык билдирип президентке жана премьер-министрге кайрылып, маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан