Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары өкмөткө нааразычылык билдиришти

Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары 3 айдан бери маяналарын ала албай келишерин бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында айтышты.

"Жол курулбай, жумуш токтоп калды. Иш жок. Үйдө 4 адамды багам. Баары иштебейт. Ай сайын 6 миң сомдон насыя төлөймүн. Иштеген эмгек акыбызды 3 айдан бери ала албай жатабыз. Башка киреше булагым жок болчу", - дейт куруучу Эрнис Сыдыков.

"500дөн ашуун жумушчулар 2016-жылдын октябрь айынан бери эмгек акысын ала албай жүрүшөт. Биздин көйгөйдү өлкө башчыбыз, премьер-министрибиз чечип беришин суранабыз. Элдин үнү өлкө башчыларына жетпей жатат", - деп билдирди айылдык кеңештин депутаты Тилек Кадыралиев.

Мындан сырткары жолдун салынып бүтпөгөнү жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу абал жаратууда.

"Жолдун толук бүтпөй жатканынан балдардын өмүрү коркунучта болууда, анткени унаалар катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Жол белгилери коюлган эмес. Айылдын ичин чаң каптап, калктын ден соолугуна зыян келтирүүдө", - деди Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты Таалай Туйгунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tyrgon
2017-01-23 18:41:32
соттош керек
0
Kroxa
2017-01-23 21:00:50
3 айдан бери беришпей эмгек акысын кандай бул озу??..Эл кандай жашайт уй булоосун кандай багат??окмот карапайым элди деле ойлосонор боло???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан