Транспорт жана жол министрлиги: "Балыкчы-Корумду жолунун куруучуларына айлык акылары төлөнөт"

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун курган жумушчуларга айлык акы төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчулардын айлык акыларын берүү Жол чарба департаменти менен "Лонг Хай" компаниясынын ортосунда кредиттик жана дебитордук карыздарын тактоо боюнча иш-аракеттердин жүрүшүнөн кечиккен.

"Жыйынтыгында Жол чарба департаменти "Лонг Хай" курулуш компаниясына карыз экендиги аныкталды. Карыз акчаларды, айлык акы жана салыктарды төлөп берүү максатында Каржы министрлигине арыз берилди. Жакында төлөнүп берилет. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти азыркы этапта инвентаризация иштерин өткөрүүдө. Компаниянын аткарган иштеринин сапатын, көлөмүн жана келечекте аткарылчу иш планына департамент тарабынан текшерүү жүргүзүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан