Бүгүн, 14-февраль саат 11:00гө карата Боинг кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн ачылган атайын эсепке которулган каражат 85 миллион 158 миң 705 сомго жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Учурда эсепке каражат которуу уланып жатат. Министрлик жалпы сумманы күн сайын берип жатат. Бирок ким, кайсы жактан, канча суммадагы акча которуп жатканы тууралуу маалымат жарыялана элек.