Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда жаз мезгилине байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кабыл алынып жаткан чаралар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков алдын алуу чараларын өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи, анткени аба ырайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу ар кыл өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу мүмкүндүгү күч алат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов табигый кырсыктардын алдын алуу иретинде өлкө аймактарындагы жаратылыш кырсыктары күтүлгөн аймактарды мониторингдөө боюнча пландаштырылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын маалыматына ылайык, 2016-жыл сейсмикалык жактан активдүү болду. 2017-жылы жаан-чачындын көлөмү көп болгондуктан, жер көчкү жана селдердин болуусу күтүлүүдө. Буга байланыштуу жээктерди чыңдоо иштери өткөрүлөт. Буга керектүү техниканын саны жетиштүү. Буга катар ал инженердик жана өрткө каршы техниканы жаңыртуу зарылдыгын белгиледи.
Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга кооптуу аймактарды тыкыр иликтөө жана зарыл учурда үй-бүлөлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү тапшырмасын берди. Бул максатта үстүбүздөгү айдын соңунда тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жер көчкү жүрүшү күтүлгөн аймактарда жашап жаткан калк арасында түшүндүрүү иштерин алып барат. Мындан тышкары аба ырайынын өзгөрүү шартында калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча министрлик жана ведомстволордун пландалган иш-чараларын өз учурунда ишке ашырууну буюрду.