Аксы, Ала-Бука районундорунда калың кардан чатыры талкаланган турак үйлөрдүн ээлерине шифер таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жааган калың кардын кесепетинен жабыр тарткан турак үйлөрдү калыбына келтирүү максатында Аксы районуна 598 даана, Ала-Бука районуна 30, жалпы 628 даана шифер бөлүнүп, турак жайлары жабыркаган үй-бүлөлөргө таркатылып берилген.
Эске салсак, 3-4-февралда тынбай жааган кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашып, турак үйлөрдүн жана социалдык имараттардын шиферлери сынган.