Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү жолго түшкөн кар көчкү тазаланууда

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү жолго түшкөн кар көчкү тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 14-февраль күнү саат 22:30 чамасында Кочкор-Арал-Суусамыр-Төө-Ашуу унаа жолунун 174-чакырымында, тактап айтсак, Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул жана Кызыл-Ой айылдарынын ортосунда 3000 метр куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок. Райондук №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган техникалар аталган унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан