Бишкек шаарындагы Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайына салына турган көп кабаттуу үйдүн курулушу кайрадан башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Шаардык демилгелер коомдук фондунун мүчөсү Айганыш Дербишова билдирди.
"Биз буга чейин балдар ойноочу жайда курулуп жаткан имаратты мыйзамсыз экенин айтып, митинг уюштуруп, нааразычылыгыбызды билдирген элек. Мындан улам курулуш токтотулган болчу. Бүгүн бир айдан кийин көп кабаттуу үйдүн курулушу кайрадан башталды. Учурда техникалар келип иштеп жатышат. Журналисттер элдин үнүн бийлик башындагыларга жеткирип берсе жакшы болмок. Анткени биз эч нерсе кыла албай калдык. Үнүбүз жетпей калды", - деп билдирди Дербишова.
Маалыматка ылайык, үй салына турган эс алуучу жайдын аянты 17 сотых, ал эми балдар үчүн ойноочу спорттук аянтчанын аймагы 19 сотыхты ээлейт. Жергиликтүү жашоочулар жана Шаардык демилгелер коомдук фондунун мүчөлөрү эс алуу багына курулуп жаткан курулушка каршылык билдирип, буга чейин митингге чыгышкан.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык башкы архитектура муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду, ишти прокуратура карап жатат деп билдирген.