ЭЛДИК КАБАР: "Бизге жардам керек! Чаткалдагы Ак-Таш айылында 3 метр жааган кардан улам свет өчүп, эл ачка калды" дейт окурман

Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында 3 күн тынбай жааган кардан улам кардын калыңдыгы 3 метрге чейин жетип, үйлөрдү басып калганын, электр жарыгы өчкөнүн окурман бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бизге ӨКМдан жардам керек! Жол жок калгандыктан, эч жакка чыга албай жатабыз. Кардан үйлөр көрүнбөй калды. Электр жарыгы өчүп калды, ачка калдык", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Чаткал районунун Ак-Таш айылында кар тынбай жаап, свет өчүп, эл ачка калды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
moskyrsat
2017-02-15 13:32:31
Бир аралда жалгыз калып ачка калгандай суйлоптурго жакшына эле журушотко жаш балдары деле. Жалколонуп жатабербей каар жап жатканда ар 2 саатта курош керекда алма быш озума туш деп жата бербей тооба
+1
boke8891
2017-02-15 13:34:28
Бирок мен ишенбедим..андай кар жок..3метр деген бул жомок.
-7
Mirbek730101
2017-02-15 13:41:09
3 метр болбосо да жакшы эле жааган го
+7
mara95kgz
2017-02-15 13:54:54
МЧС кайда журот ушундайда жардам бербесе качан жардам берет экен
+7
guldarr
2017-02-15 13:59:41
Ар нерседен жамандык издеген ХХХ жоголмоюн өлкө өнүкпөйт.
+1
Parish
2017-02-15 14:16:55
Чаткалга кар коп жааганы чындык
бирок ачка калды дегени туура
эмес.
+5
mirsapar
2017-02-15 14:36:08
Ооба кар коп жаады, бирок ачка калды дегени кандай болуп кетти, айыл окмот, ДЭУ баары бугун жол менен алек болуп журот, кар жаап жатканда ДЭУнун кызматкерлери да ал капчыгайга баруудан этият болуш керек экендигин сезип койушубуз керек.
0
baisogur
2017-02-15 14:44:25
3метир каар жааганы байкалбады каарды үймөлөктөп койсо 3метир болот экен
-3
Aytur
2017-02-15 14:53:21
Ачка калганда алар эмне шаарда кунумдук гана тамак ашты дукондон сатып жеген адамдарбеле айлда адамдар айлап жечу тамак ашты камдап алышат зат деп эле жаза бериптир бул кабарчы
-2
modem4999
2017-02-15 15:14:53
Aytur,жазып эле койбой суйлоп да ийиптир го.
+1
boke8891
2017-02-15 14:55:06
Элди дурболонго салба тууганым..
+2
marina10kg
2017-02-15 14:55:52
чаткалда чындыгында кар коп жаайт. ушул убакта жолдор жабык бирок кун ачык жылуу болуп турат. ачка калган убакта да окмот эч жардам коргозгон эмес. элим чондордон эч нерсе умут этпей эле койгула
+2
Elia2015
2017-02-15 15:49:21
Свет очсо неге ачка калат. Бизде дагы кар бар 1м 85,90см бирок ачка калбай эле иштеп жатабыз
-1
Sema87
2017-02-15 16:12:13
ото коп жааптыр
0
uli96
2017-02-15 22:17:23
Баарынар оз козунор менен коргондой айтасынар гоо?! Каар катуу жааптыр эми окмот жок дегенде кочону тазалап койсун. Салыкты бекеринен толоп жатыптырбызбы? Шаар туруп айылдын жашоосун билбегенден кийин жазбагылачы
+2
Kroxa
2017-02-16 09:19:06
Уйдо от жагып тамак жасасанар ачка калбайсынар этажда жашагансып жазышат биздин айылда октябрдагы кардан катуу шамалдан столбалар жыгылып айлга светти 1 айда кайра тартып беришти бирок эч ким ачка калдык деп айткан жок от жагып окаатын кылышты...эми кар коп жааса авария болот свет очот эл дайым даяр андай корунуштор коп эле кыргызстан боюнча,,чыгып куроп жрлдорунарды ачкылв эркектер барбы озу Ак таш айылында..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан