Бүгүн, 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылып кеткенинин 28 жылдыгынын урматына Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында митинг-реквием өткөрүлдү. Ага ооган согушунун катышуучулары, курман болгондордун жакын туугандары, шаар мэри Албек Ибраимов, коомдук ишмерлер, студенттер катышышты.
Анда курман болгондор эскерилип, алар жасаган эрдиктер тууралуу сөз болду. Андан соӊ эстеликке гүлчамбарлар коюлду.
Ардагерлердин айтымында, эртеӊ менен согушта курман болгондорду эскерип, куран окулган. Ал эми митинг реквиемден соӊ борбор калаадагы кафелердин биринде чогулуп, бул күндү белгилерин айтып өтүштү.