“ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” эл аралык форумдун максаты – коомчулукка биримдиктин ийгилигин жана кемчилигин жеткирүү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда аталган форумду уюштуруучулардын бири “Каганат” коомдук фондунун төрагасы Искендер Гайпкулов билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурларда ЕАЭБ тууралуу терс жана оң маанайдагы сөздөр айтылып баштаган.
“Экономикалык клуб менен биргеликте биздин фонд ушул маселени чечүү үчүн атайын иш-чара өткөрүүну туура көргөнбүз. Бул жерге Жогорку Кеңештин депутаттары, экономика эксперттери, атка минерлер жана Орусия, Казакстандын эксперттери катышты. Алар менен чогуу терең талкуулоолор жүрүп, көпчүлүк суроолорго жооп болду”, - дейт ал.