"Дордой" базарында 2016-жылы 6 миң контейнер жабылганы жөнүндө маалымат жалган. Бул тууралуу 15-февралда Бишкекте өткөн форумда "Дордойдун" профсоюз комитетинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди.
"Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында мындан 1 ай мурда пайда болгон "Дордой" базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Көптөгөн ишкерлер жаңы жыл алдында 2-3 аптага өргүү алат, бул учурда контейнерлердин бир бөлүгү жабылат", - дейт Дөөлөталиева.
"Дордой" базарында 6 миң соода түйүнү жабылганын 2017-жылдын 25-январында Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирген. Базарда соода түйүндөрүнүн жабылышына тигүү тармагында иштегендердин жана алып-сатуу менен алектенгендердин азайышы себеп болгону айтылган эле.