Жарандарга соттолгон-соттолбогону жөнүндө маалымкатты 1 күндө даярдап берүүнүн баасы 230 сом

Жарандарга соттолгон-соттолбогону жөнүндө маалымкатты 1 күндө даярдап берүүнүн баасы 230 сом. Бул тууралуу 15-февралда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Асановдун белгилешинче, эми жарандар соттолгон-соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн Бишкекке келип убара тартышпайт. Баткен облусунан башка бардык аймактарда маалымкат бере турган атайын маалымат базасын тескеген бөлүмдөр иштей баштады.

Маалымкатты акысыз алуу үчүн 10 күн күтүүгө туура келет. Ал эми шашылыш учурларда 3 күндө жана 1 күндө даярдатып алса болот. Ал үчүн 180 сомдон 230 сомго чейин төлөө керектигин айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Keremet008
2017-02-16 11:34:47
Эмнеге акы толонот соттолюби огон болсо ?! Ушу бизде справка алсан созсуз кеминде 200 дон нары толойсун мындай жон эле алса болбойбу? Мейли соттолгондор сатып ала беришсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан