Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин ишин текшерүү үчүн комиссия түзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-февралда кабарлагандай, комиссия жарандардан түшкөн даттануулардын көптүгүнөн улам түзүлүп, кырдаалды иликтөөгө киришти. Комиссиянын курамында аталган министрликтин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кирген. 15-февралда ишин баштаган топ 20-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигине өз корутундусун бериши керек.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин, анын жетекчисинин ишин Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия иликтөөдө. Комиссия 13-февралда түзүлгөн. Депутат Айсулуу Мамашеванын билдиришинче, ага дарыгерлер кайрылышып, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтышкан. Депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы качан чыгары белгисиз.