12 куту димедрол дарысын саткан сатуучунун иши сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыздоо департаментинен билдиришти.
"Бизге жабырлануучу тараптан арыз келип түшкөн. Учурда арыздын негизинде иш алып барып жатабыз. Мында сатуучу тарабынан орой катачылык кетирилген. Анткени ал дарыгердин көрсөтмөсү жок димедрол дарысын сатып жибериптир. Бул ишти иликтеп бүтүп, биз сотко өткөрүп беребиз", - дейт департаменттин жетектөөчү адиси.
Эске салсак, буга чейин 13-февралда Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы кыз 12 куту димедрол дарысын сатып алып, анын 30 даанасын ичип ооруканага түшкөн. Маалыматка ылайык, бейтапканага түшкөн кыздын апасы сатуучунун эрежеге ылайыксыз аракетин териштирүү максатында департаментке арыз менен кайрылган.