Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин алдына саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин отставкасын талап кылып, 20га чукул адам митингге чыкты.
Пенсионер Мурат Тилекеевдин айтымында, аталган министрликте эч кандай реформа болгон жок.
"Талантбек Батыралиев министр болуп келгенден тарта эч кандай өзгөрүүлөр жок. Мен 2-топтогу майыпмын, пенсиямдын көлөмү 3 400 сом. Ооруканаларга барсам каражатым жетпейт. Пенсионерлерди жеңилдетилген түрдө дарыгерлер карашпайт. Бул кызматка реформа жасай турган жаш кадрларды алып келиш керек", - деди Мурат Тилекеев.
"Кыргыз Чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Дүйшеев министр дарыгерлерди куугунтуктап, иш билбегендерди кызматка алып келип жатканын айтты.
"Бизге аттарын атабай кайрылган дарыгерлер бар. Мисалы, жакында Бишкектеги № 6 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери министр тарабынан куугунтукталып жатыптыр. Иш билбегендерди кызматка алып келип жатат", - деди ал.