Бишкек шаарында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде эски буюмдарды, кийимдерди сатып соода менен алектенгендер митингге чыгышты
Ошол жерде соода кылган Замира Сайытөрөева билдиргендей, ал жерди пиво чыгаруучу “Арпа” заводу сатып алган.
“Биз ошол жерде чуңкурда эле отуруп соода кылабыз. Үч күндөн бери бизге тыюу салып койду. Ал жерде майыптар, кары-картаңдар соода менен алектенишет. Уурулук кылган жокпуз, ошол жерде үй-бүлөбүздү багып жатабыз”, - деди ал.
Ал үнүн Жогорку Кеңештин депутаттары угабы деген үмүттө келгенин кошумчалады. Митингге болжол менен 40ка жакын адам чыкты.