Медетбек Айдаралиев: "Тышкы эмгек мигранттарынын саны 840 миңге чукул болууда"

Тышкы мигранттардын саны 840 миңге жакын болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, эң көп мигрант Орусия мамлекетинде. "Орусия 663 миң, Казакстанда 113 миң, Кореяда 14 миң, Европада 20 миң жана Азия 20 миң мигрант бар", - деди ал.

Ошол эле учурда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров сырттан Кыргыз мамлекетине келе турган канча билдирме түшкөнүн сурады.

Медетбек Айдаралиев билдиргендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 12 165 билдирме түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Keremet008
2017-02-16 15:33:09
ОМСти кантип алса болот экен Москвадан билсенер жазып коюнуздарчы? Сургуттан женем бекер алыптыр.
.
0
Nur1k
2017-02-16 18:06:36
1,5 миллиондон коп адам сыртда журсо керек. Россиянын озундо эле миллиондой кыргыз бар
+2
anar8672
2017-02-16 18:18:05
Ооооой кара тизмеден жакында чыгарылат дединер эле качан чыгабыз ?
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-16 19:42:33
Кетпегиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан