Бишкектин Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилип жатат. Анын жүрүшүндө Жамбыл көчөсү №36 дарегинде жайгашкан унаа оңдоочу жайдын кызматкерлери тарабынан тиричилик калдыктары туш келди жерге чогултулгандыгы белгилүү болду. Ошондой эле 2017-жылга таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 16-февралда билдирди.
Жыйынтыгында инспекторлор тарабынан аталган жайдын ээси С.Рьмариясовдун атына КРнын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.