ЖЫЛНААМА, 17-ФЕВРАЛЬ: 84 жыл мурун улуу акын, комузчу, ырчы Токтогул Сатылганов көз жумган

Мындан 84 жыл мурун, 1933-жылы 17-февралда кыргыз адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын Токтогул Сатылганов 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.

Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында туулган. 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" сыяктуу көптөгөн ырларды аткарган. Кийинчерээк акын "Эмне кызык", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен калпаларды сындаган көп чыгармалары бар. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып, ал жакта жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың", "Качып келе жатканда" өңдүү ырларын чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим аманбы?", "Апакем аман барсыңбы?" жана башка ырларды жараткан. Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. Ал атактуу акындар Алымкул Үсөнбаев жана Эшмамбет Байсеитов менен көп айтышка түшкөн. Тилекке каршы, Токтогулдун өзүнүн айтышканы жазылып калган эмес. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган.

17-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан