Бүгүн Жогорку Кеңешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына арналган конференция өтөт

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеӊешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына арналган конференция өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада буга чейин кабыл алынган Жогорку Кеӊешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жаатында атайын баяндамалар угулат. Конференцияга кыргыз парламентинин жетекчилери менен депутаттар, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын башчылары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, дагы башка чакырылган тараптардын катышуусу күтүлүүдө.

Өнүгүү стратегиясынын келечектүү багыты Жогорку Кеӊештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөл иш-милдеттерин тактоо, ошондой эле анын талдоо жана эл аралык ишмердүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Андан сырткары, стратегияда парламенттин көзөмөл иш-милдетинин натыйжалуулугун арттыруу, тармактык комитеттердин, парламенттик фракциялардын жана алардын катчылыктарынын, ошондой эле Жогорку Кеӊештин Аппаратынын ролун жогорулатуу негизги максаттардын бири катары каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан