Күн жылыгандан тарта Бишкек шаарындагы Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер астындагы өтмөктөр оңдолот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Капиталдык курулуш башкармалыгында азыркы учурда бул өтмөктөрдүн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин планы иштелип жатат. Бишкек шаары боюнча жер астында жалпысынын 13 өтмөк бар. Алардын жарымы ижарага берилген. Ижарачылар келишимге ылайык, өтмөктөрдү таза кармашы керек, бирок алар ар дайым эле тазалыкты сактай беришпейт. Ошого байланыштуу бул жылы түзүлгөн келишимдер кайрадан каралып чыгат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Жер астындагы өтмөктөр:
Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилиши, ижарачы "Эржол транс" ЖЧКсы, аянты 370 чарчы метр;
Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши, ижарачы "Ыйман", ЖЧКсы, аянты 461 чарчы метр;
Манас кең көчөсү (Мамкаттоо), ижарачы Сабирова Патма, аянты 369 чарчы метр;
Жибек-Жолу (Батыш бекети), ижарачы "Совет бригады" ЖЧКсы, аянты 288 чарчы метр;
Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилиши, өтмөк бош, аянты 148 чарчы метр;
Бейшеналиев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, ижарачы "Азамат Жети" ЖЧКсы, аянты 563,66 чарчы метр.;
Жибек жолу-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши, өтмөк бош, аянты 187,5 чарчы метр.;
Киев-Кулуев ("Ош" базары), ижарачы Жайнак Сочуев, аянты 430 чарчы метр;
Байтик Баатыр (8-кичи район), өтмөк бош, аянты 192 чарчы метр;
Байтик Баатыр (10-кичи район), өтмөк бош, аянты 192 чарчы метр;
Л.Толстой (Пишпек темир жолу), өтмөк бош, аянты 280 чарчы метр;
Москва (Улуттук госпиталь), өтмөк бош, аянты 240 чарчы метр;
Шабдан Баатыр-Литов көчөсү, өтмөк бош, аянты 589 чарчы метр.