Брюсселдеги Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдар Кыргыз мамлекетине берилди

Алмазбек Атамбаев 16-февралда Бельгия падышалыгына болгон расмий иш сапарынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу архивдик материалдарды Кыргыз мамлекетине берүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Архивдик материалдарды берүү боюнча документке Брюсселдеги университеттин профессору Жан Бланкофф менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кол коюшту.

Өз сөзүндө мамлекет башчы "Каармандары, сөздөрү дүйнө жүзүнө тараган Чыңгыз Айтматовдой улуу жазуучу биздин элден чыкканына сыймыктанабыз. Анын ар бир чыгармасынан сабак алса болот", - деп аудио, видео материалдарды чогултуп жүргөн Бланкоффтордун үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев Бланкоффтордун үй-бүлөсүнө боз үйдү белек катары берип, кыргыз жериндеги ар бир үй аларды сый менен тосуп алууга даяр экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан