Шашылыш билдирүү: Дем алыш күндөрү аба ырайынын температурасы төмөндөп, катуу шамал жүрөт

19-21-февраль күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -13°ка чейин суук болот. Талас өрөөнүндө -15°, күндүз -7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10°, күндүз -5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -13°, күндүз -7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25°, күндүз -16°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -33°, күндүз -20° суук болушу күтүлөт.

18-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорундагы унаа жолдорго кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rukopashnik
2017-02-17 11:44:28
койгулачы э силкрдики наоборот болуп атат
+1
meni_kut
2017-02-17 12:47:05
rukopashnik,туура айтасын Алланын айтканы болот да.Ошто бугунку кунго жаан жаайт деп турган эле,жаан жаабай эле +10,кун ачык.
+1
DNurgiza
2017-02-17 12:27:37
кудай сактасын.......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан